Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча популярдуу акциянын мөөнөтүн 2026-жылдын 31-августуна чейин узартты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК маалымдайт.
Акциянын мөөнөтү башында 31-июлга чейин белгиленген болчу. Бирок жүргүнчүлөрдүн жогорку суроо-талабына байланыштуу аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынды.
Акциянын алкагында авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 2 100 сомдун ордуна болгону 1 000 сомду түзөт.
Мындан тышкары, ушундай эле акциялык тариф Казарман – Бишкек багытында да күчүндө калууда. 2026-жылдын 26-июнунда башталган акция 2026-жылдын 26-сентябрына чейин уланат. Бул багыттагы авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 3 100 сомдун ордуна 2 100 сомду түзөт.
Акциянын мөөнөтүн узартуу Кыргызстандын аймактарынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ички туризмди өнүктүрүү жана жеткиликтүү, ыңгайлуу авиакаттамдарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштин бир бөлүгү болуп саналат.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК жана Asman Airlines авиакомпаниясы өлкөнүн аймактарынын ортосунда коопсуз, ишенимдүү жана жеткиликтүү аба каттамдарын камсыз кылуу аркылуу ички авиациялык байланышты өнүктүрүүнү улантууда.
Акциялык тарифтер боюнча авиабилеттерди www.asmanairlines.kg расмий сайтынан жана Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.
МКМ үчүн байланыштар:
Asman Airlines
www.asmanairlines.kg
sales@asmanairlines.kg
+996 (312) 25 16 00
@asmanair.kg.