Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Каракол шаарында окууда жана илимде жогорку жетишкендиктерге жетишкен окуучуларга шаар мэри Талантбек Имановдун атынан сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылы шаардагы мектептер үчүн ийгиликтүү болуп, окуучулар эл аралык шахмат мелдештеринде жана интеллектуалдык сынактарда байгелүү орундарды багындырышкан.
Жетишкендиктердин алкагында төрт окуучу “Алтын сертификаттын” ээси болсо, дагы бир катар бүтүрүүчүлөр жогорку упайларга жетишкен.
Мындан тышкары, беш окуучу Sprachdiplom эл аралык сертификатын алып, дагы эки окуучу FLEX программасынын алкагында чет өлкөдө билим алып келишкен.
Ошондой эле шаардагы бардык мектептер толугу менен “Э-күндөлүк” санариптик системасына өткөн. Андан сырткары, беш мектепте жана беш бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.