Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Манас шаарында Кыргыз-Россия Славян университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, мэр Уларбек Исмаилов жана университеттин ректору Сергей Волков катышты.

Тараптар филиалды жайгаштыруу үчүн ылайыктуу жер тилкелерин жана имараттарды аныктоо, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Белгилей кетсек, университеттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-сентябрына карата окуу жайга 3 миң 782 абитуриент кабыл алынган. Алардын 289у Жалал-Абад облусунун тургундары.