Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйтүү сунушталды

Билим
Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйтүү сунушталды
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйтүүнү сунушталды. Сунушту Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен болгон жолугушууда көтөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, Россия тарап жыл сайын Кыргызстандын жарандарына жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн 700 квоталык орун бөлүп келет. Марлен Маматалиев бул санды, өзгөчө Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттер үчүн көбөйтүү сунушун айтты.

Ошондой эле ал академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнүн, жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун жана биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Лилия Гумерова Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдө билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.