Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды

Президент
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Алдыга
Артка
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Президент Садыр Жапаров Москва шаарына барды
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.