Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 2 медаль жеңди

Билим 30 июль 2026 16:25
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 2 медаль жеңди
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Литванын Каунас шаарында өткөн информатика боюнча 10-Европалык өспүрүмдөр олимпиадасында (EJOI-2026) бир күмүш жана бир коло медаль жеңип алышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, күмүш медалды Intellect Pro School мектебинин 10-классынын окуучусу Азирет Исраилов, ал эми коло медалды "Газпром Кыргызстан" мектебинин 9-классынын окуучусу Арлан Саят жеңип алды.

Ошондой эле Эмирхан Сыдыкбаев менен Бектен Абдувалиев олимпиадада ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үчүн ардак грамоталарга татыды.

Белгилей кетсек, EJOI-2026га 25 өлкөдөн 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катышкан. Кыргызстандын атынан олимпиадага төрт окуучу күч сынашты.