"Заманбап мугалим": 25 адис эки жылдык программаны ийгиликтүү аяктады

Билим 31 Июль 2026 17:05
760842292_2147600909119268_4423227861527852162_n.jpg
759796410_1055909170285537_3308174276907073182_n.jpg
759975873_4450028965312872_4307453339626353620_n.jpg
760654674_1757033611966012_875794926113341075_n.jpg
760772061_1560103118937082_3741857184750602391_n.jpg
761615305_1313904980941746_1189594655423239365_n.jpg
761910242_1635205271551744_2623898276274577111_n.jpg
762566535_1570884471411548_6219464494972532297_n.jpg
762917119_987473990980113_7097897207183721387_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Заманбап мугалим" программасынын биринчи бүтүрүү аземи өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, программанын алгачкы эки жылын 25 жаш адис аяктады. Алар эки жыл ичинде Чүй облусундагы 12 мектепте иштеп, 8 миңден ашуун окуучуну камтыган билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырышты.

Катышуучулар сабак берүү менен катар экологиялык демилгелерди, чыгармачылык жана медиа клубдарды, мектептик иш-чараларды уюштуруп, окуучулардын өнүгүүсүнө багытталган иштерди жүргүзүштү.

Ошондой эле алар Борбор Азиянын Эл аралык университетинин "Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика" магистрлик программасында билим алышты. Изилдөөлөрүндө жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана окууга кызыгуусун арттыруу маселелерине көңүл бурушту.

"Заманбап мугалим" программасы эл аралык Teach For All тармагынын мүчөсү болуп саналат жана билим берүү тармагына жаңы ыкмаларды киргизүүгө багытталган.