Бишкек, 01.08.26 /Кабар/. Beeline`дын тарыхы мындан туура 28 жыл мурда — Кыргызстандагы мобилдик байланыштын жаңы доорун белгилеген GSM-тармагынын биринчи коңгуроосу менен башталган. Андан бери компания чоң жолду басып өттү жана өткөн жылы "Элдик Банк" ААКнын чоң санариптик экосистемасынын бир бөлүгү болуп калды. Beeline өзүнүн 28-туулган күнүн биринчи жолу улуттук мобилдик оператор макамы менен тосуп алып, өлкөнүн телекоммуникация тармагын өнүктүрүүдө жаңы барак ачты.
28 жылдын ичинде мобилдик байланыш кадимки чалуулардан жана кыска билдирүүлөрдөн баштап, байланышты, каржыны жана кызматтарды бириктирген көп функционалдуу санариптик чөйрөгө чейин өзгөрдү. Адамдардын муктаждыктары менен бирге Beeline да өзүнүн негизги ниетине ылайык: бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, ишенимдүү жана заманбап байланыш кызматтарын камсыз кылуу үчүн өзгөрдү.
Салт боюнча, туулган күнүнө карата Beeline өз абоненттерине белек даярдады:
- 28 ГБ интернет,
- Билайн номерлерине Россияга чалуулар үчүн 280 мүнөт,
- Тармак ичинде 280 мүнөт.
Белек пакетин 1-августтан 3-августка чейин "Мой Beeline + Balance" тиркемесинде бир жолу туташтырса болот. Топтом кошулган учурдан тартып 7 күн иштейт жана тариф боюнча төлөнгөн абоненттик төлөм менен жеткиликтүү.
"28 жыл — бул компаниянын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун тастыктаган маанилүү дата, — деп белгиледи башкы Beeline`дын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Бул майрамды «Элдик Банктын» экосистемасынын курамындагы улуттук мобилдик оператор катары биринчи жолу тосуп жаткандыгыбыздын маанилүү. Бул өнүгүүнүн жаңы этабы, масштабдуу милдеттер, ири долбоорлор жана дымактуу пландар. Ошол эле учурда, Beeline үчүн негизги баалуулук ар дайым бизди алдыга жылууга жана жакшыраак болууга шыктандырган адамдар болгон жана болуп кала берет. Биз бул майрамды абоненттерибиз менен бөлүшүп, жакындарыбыз менен баарлашууга дагы мүмкүнчүлүк бергенибизге кубанычтабыз. Beeline`ды тандаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!»
Дээрлик отуз жыл аралыгында, Beeline аралыкка карабастан адамдарды бириктирип турат. Компания тармакты өнүктүрүүнү, жаңы технологияларды киргизүүнү жана байланышты жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылган санариптик чечимдерди түзүүнү улантууда.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.