Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаштар үчүн экологиялык абал үч жыл мурункуга салыштырмалуу начар деп бааланды. Бул тууралуу Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индексин изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат.
Экология субиндекси 2025-жылы 23,7 пайызга түшүп, 2022-жылдагы 45,2 пайыздан 7,5 пайызга төмөндөгөн.
Белгиленгендей, 9 багыттан турган изилдөөдө бул көрсөткүч азыр эң төмөнкү орунда турат. Бирок, ошого карабастан жаштардын 78,2 пайызы экологиялык коркунучтарды, айрыкча абанын булганышын олуттуу деп эсептешери изилдөөдө жазылган.
“Бул жыйынтыктар жаштардын экологиялык көйгөйлөргө – биринчи кезекте абанын булганышына, таза сууга жетүүгө жана таштандыларды жок кылууга байланыштуу тынчсыздануусун чагылдырат. Жаш муун сурамжылоого кескин түрдө реакция кылып жатканы өлкөдө экологиялык көйгөйлөр курчуп баратышынан кабар берет”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөнүн экологиялык бакубаттуулугун камсыздоо үчүн изилдөөдө төмөнкүдөй сунуштар берилген.
- Экологиялык программаларды каржылоону жана колдоону кеңейтүү;
- Экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү;
- Таштандыларды сорттоону жеңилдетүү;
- Улуттук климаттык стратегияларга жаштардын катышуусун өнүктүрүү;
- Климаттык мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү.