Аба ырайы: Температура жогорулап, жаздын деми сезилет

Коом 11 март 2026 18:35
Аба ырайы: Температура жогорулап, жаздын деми сезилет

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, өлкө аймагында катталган кескин сууктан кийин абанын температурасы акырындык менен жогорулай баштайт.

Чүй жана Талас облустары

Бул аймактарда 12-16-март күндөрү жана 17-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

18-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаап, тоо этектери менен тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Күндүз айрым аймактарда жаан, тоолордо кар жаашы болжолдонууда.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Ош облусу: 12-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 12-мартта күндүз, ошондой эле 13-14-мартта (түнкүсүн) күн ачык болот. 14-мартта күндүз тоолордо кар жаашы мүмкүн.

Жалал-Абад облусу: 12-14-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк аймагы боюнча: 15-16-мартта айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаайт.

Баткен облусу: 12-16-мартта жана 17-марттын түнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаашы мүмкүн.

18-мартта жогоруда аталган үч облустун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

16-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Баткен облусунда 12-16-марттарда жана 17-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-мартта жогоруда аталган үч облуста тең түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Ысык-Көл облусу: 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 12-мартта күндүз жана 13-15-март күндөрү жаан-чачын болбойт. 16-17-мартта тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Нарын облусу: 12-15-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 16-мартта айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 17-мартта түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз айрым аймактарда жаан-чачын (кар) болушу мүмкүн.

18-мартта эки облустун тең айрым жерлеринде кар жаап, күндүз айрым аймактарда жаан-чачын катталат.