Экосистеманы сактоо. Өлкөдө жаңы токой чарба долбоору ишке ашырылат

Коом 17 февраль 2026 09:08
1.jpg
634166952_1316734283832628_3660544079333804850_n.jpg
634455016_1316734260499297_7869437207783690758_n.jpg
635271306_1316734277165962_8532107031311450406_n.jpg
636071483_1316734257165964_2829028044742522738_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов күн мурун Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар "Экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү" долбоору, концепциясы жана ийгиликтүү ишке ашыруу мөөнөтү талкууланды.

Министрдин орун басары Кыргызстанда токойлорду жакшыртуу аркылуу өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн гана эмес, климаттын өзгөрүшүнө карата аракеттерди көрүү үчүн да стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Бул долбоордун негизги максаты – мөмө-жемиш токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу, экосистемалардын туруктуулугун жана айыл калкынын жашоо булактарын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.