Балдар адилеттигин камсыздоо мыйзамдарынын аткарылышы талкууланды

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 16:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган  балдар адилеттигин камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Самман Тапа, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Жыйында президент Садыр Жапаров жакында кол койгон Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. 

Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр баланы кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу тартибин жакшыртууга жана укуктук боштуктарды жоюуга багытталган.

Жыйынтыгында баланы кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу процессинде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби боюнча бирдиктүү жобо иштелип чыгып, анын практика жүзүндө колдонуу жолдору талкууланды.

Бул документ келечекте бардык кызматтардын ишин координациялоого жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоодо бирдиктүү ыкманы камсыздоого жардам берет.