Учак менен жол жүрүү мобилдүүлүктү жогорулатып, убакытты кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан алысты жакындаткан аба каттамдарына болгон суроо-талап дайыма жогору. Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ААКка өлкө аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө — "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" аэропорттору эл аралык макамга ээ болсо, алтоо — "Жалал-Абад", "Раззаков", "Кербен", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аэропорттору аймактык мааниге ээ. Учурда бул аба майдандары этап-этабы менен модернизацияланып, ички жана сырткы каттамдар үзгүлтүксүз аткарылууда. "Кабар" агенттиги өлкөдөгү аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү жана алардын ишин илгерилетүү багытында кандай пландар ишке ашырылып жатканын айтып берет.

“Нарын” аэропорту тууралуу айта турган болсок, 1930-жылдары Салкын-Төр айылында биринчи конуу талаасы пайда болгон. Заманбап аэробекет имараты 1964-жылы, ал эми учуп-конуу тилкеси жана перрон 1974-жылы курулган. 90 жылдан ашык тарыхы бар аэропорт жаңыланып, кайрадан иши жанданып каттамдар аткарылууда. Бул жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө, башка региондор менен түз аба байланышты камсыз кылууга салым кошууда.

Буга улай эле Тогуз-Тородон аймактарга учак менен жетүүгө шарт түзүлдү. "Казарман" аэропортунун да инфраструктурасы реконструкцияланды. Бүгүнкү күндө мында үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып жатат.

2024-жылы “Талас” аэропорту да оңдоо иштеринен соң пайдаланууга берилген эле. Баткен облусундагы “Раззаков” аэропорту дагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, перрондор кеңейтилген.

“Жалал-Абад” аэропорту шаардын ортосунда орун алгандыктан аны көчүрүү чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө аэропорттон 15 чакырым алыстыкта Сузак районунун Багыш айыл аймагында “Жалал-Абад” аэропортунун курулушу уланууда. Анын жалпы аянты 381 гектарды түзөт. Курулуш иштери аяктаганда аэропортко эл аралык макам берилет.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын аймактык жана инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда жеринде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

“Азыр жаңы курулган аэробекеттин чатыры жабылып, имараттын ичин жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы аэропорттогу курулуш иштерин эмки жылдын күз айларында толугу менен бүткөрүү пландалууда”, - деди ал.
“Ош” эл аралык аэропортунда да башка аэропорттордой эле жаңылоо иштери мерчемделген. Бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылып, учактар токтой турган перрондор да кеңейтилүүдө. Аэропортко жаңы заманбап аэробекет салынып жатат. Азыр анда негизги жумуштар аяктап, ички жасалгалоо иштери башталды.
Алтынбек Мамбетов белгилегендей, “Каракол” эл аралык аэропортунда да учуп-конуу тилкеси узартылып, реконструкциядан өткөн. Туристтердин агымына жараша суроо-талап өскөндүктөн, учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин жеткирилди.

“Күн мурун “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки биринчи техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Техникалык каттам аэропортту туруктуу эл аралык каттамдарды кабыл алууга даяр экендигин тастыктады. Аэропортто учуп-конуу тилкеси эле узартылбастан, заманбап жарыктандыруу системасы жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулуп, бул аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатты”, - деди Алтынбек Мамбетов.

Мындан тышкары, Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунун мурдагы аэробекети көп жүргүнчүлөрдү батыра алчу эмес. Буга байланыштуу жаңы аэробекетти куруу иштери башталган. Азыр имараттын ичи жасалгаланууда. Аэропорттогу жаңылоо иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Ошондой эле учуп-конуу тилкесин узартуу, унаа токтоочу жайларды кеңейтүү пландары коюлууда.
“Манас” эл аралык аэропортунда реконструкциялоо иштери былтыр май айында башталган. Кышы-жайы дебей иштер тынымсыз жүрүп, масштабдуу реконструкциядан кийин аэропорттун аэровокзал комплексинин башкы кире бериши ачылды. Жакында жаңы залдар пайдаланууга берилет.
“Жалпысынан “Манас” эл аралык аэропортундагы иштерди толугу менен эки айдын ичинде бүткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда иштердин 80 пайызы аяктады. Аэропорттун перронунда, сыртында жаңылоо иштери жүрдү. Имараттын инженердик түйүндөрү, жылытуу жана аба алмаштыруу системасы да жаңыртылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Аэропортто 650 орундуу унаа токтоочу жай курулуп бүттү. Ушул айдын соңуна чейин ички-тышкы жасалгасы аяктайт. “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр каттамдардын учуп-конуу убактылары менен таанышуусу үчүн каттоо жайына узундугу 100 метрден ашкан LED-экран орнотулду. Мурда аэропортко киргенде эки тарабында бирден лифт болсо, азыр 4 лифт, эки эскалатор коюлду. Мунун баары эл аралык аэропоттун талаптарына ылайык келтирилүүдө”, - дейт Мамбетов.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын аймактык жана инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча директорунун айтымында, аэропортторду жаңылоо менен катар жаңы техника менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү.

“Бул жыл сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турчу процесс болуп саналат. Иштеп жаткан техникаларды оңдоп-түзөөдөн өткөргөндөн тышкары, жаңы техникалар алына берет”, - деди ал.
Белгилей кетсек, соңку жылдары "Кыргызстандын эл аралык аэропорттору" ААК авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, атайын авиациялык техника жана заманбап жабдууларды сатып алууга өз каражатын жумшап жатат. Мындан тышкары, Asman Airlines авиакомпаниясы жаңы учактарды сатып алууда. Бул кадамдар улуттук авиациянын ишенимдүү өнүгүп, өз позициясын бекемдеп, эл аралык деңгээлге чыгып жатканын көрсөтүүдө.
2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52% өстү, ал эми аткарылган аба каттамдары 53 пайызды түздү. 2021-жылы өлкө аймагы боюнча 5 аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү мамлекеттеги бардык аэропорттор иштеп жатат.
Жүргүнчүлөрдүн бир шаардан экинчи шаарга учак менен каттаганы өлкөнүн өнүгүү индикатору катары кабыл алынат. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөндөн кийин авиация тармагында аткарылып жаткан иштер экономикалык өсүшкө, регионалдык өнүгүүгө шарт түзүүдө. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, биздин тоолуу өлкөдө аэропорттордун жаңыланышы жана кайрадан ишке кириши, сырттан кирген жана ичтеги жүргүнчүлөрдүн мобилдүүлүгү аба каттамдарынын көлөмүн көбөйтүүдө.
“Бул өз кезегинде аймактардын өнүгүшүнө алып келет. Ар бир өсүштүн артында мультипликативдик эффект болот. Акырындык менен алар өз пайдасын бере берет. Соода-сатык, инвестиция тартуу иштери илгерилейт. Кыргызстандын учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылгандыгын эске алганда кыргыз авиакомпаниялары Европанын шаарларына учууга мүмкүнчүлүк алышты. “Кара тизмеден” чыгуу бир гана түз каттамдарды аткарууга гана эмес, соода-экономикалык, туристтик байланыштарды арттырууга өбөлгө түзмөкчү”, - деди экономист.