Октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт – Мукамбетов

Коом 10 сентябрь 2026 17:15
Октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйөт – Мукамбетов

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көбөйтүүнүн минималдуу өлчөмү 1 миң сомдон кем эмес, ал эми максималдуу өлчөмү 10 миң сомдон ашпайт.

“Пенсияларды кайра эсептөө президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө. Октябрь айынан баштап пенсиянын минималдуу өлчөмү 8 миң 800 сомго жеткирилет. 1-октябрдан кийин пенсияга чыга тургандардын пенсиясынын өлчөмү да 8 миң 800 сом болот”, - деди Мукамбетов.

Ошондой эле 1-октябрга чейин пенсиясы кайра эсептелгенден кийинки өлчөмү жашоо минимумуна жетпеген пенсионерлердин пенсиясы тиешелүү деңгээлге жеткирилет.

Маалыматка ылайык, пенсияларды кайра эсептөөгө октябрь, ноябрь жана декабрь айларында Пенсиялык фонддун эсебинен кошумча 400 млн сом жумшалат.

“Кайра эсептөө иштери жүргүзүлдү. 1-октябрдан тартып бардык пенсионерлер октябрь айындагы пенсиясын жаңы өлчөмдө алышат”, - деп билдирди ал.