Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 11-сентябрда өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Өкүлдүн маалыматына караганда, анын ичинде 105и социалдык объект жана 60ы өндүрүштүк ишкана.
"Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Объектилердин ачылышына президент Садыр Жапаров катышат. Иш-чаралардын алкагында өлкө аймагындагы бир катар объектилер онлайн форматта ишке берилет", - деди ал.
Адылбек Касымалиев Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.