Ат-Башыда 15 чакырым жол толугу менен асфальтталды

Коом 10 сентябрь 2026 17:50
Ат-Башыда 15 чакырым жол толугу менен асфальтталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Ат-Башы районундагы Чар – Ак-Муз унаа жолунда оңдоо иштери аяктап, жалпы 15 чакырым жол толугу менен асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен быйыл жолдун 7,8 чакырымына асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. Натыйжада Бишкек – Нарын – Торугарт жолунан Чар – Ак-Муз айылына чейинки тилке толугу менен асфальтталган жолго айланды.

Жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундар менен айдоочулар үчүн каттамды жеңилдетип, жүрүүгө ыңгайлуу шарт түздү. Ошондой эле жолдун сапатынын жакшырышы транспорт кыймылынын коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.