Ленин районунда 9 айда алдамчылык боюнча 843 кылмыш иши козголду

Коом Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:56
handcuffs-2102488_1280-1250x703-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан 2025-жылы 9 айындагы алдамчылык фактылары боюнча ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлдү.

Прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинде телефон чалуу жана интернет ресурстарын колдонуу аркылуу жасалган фактылары боюнча козголуп соттук кароого жиберилген, өндүрүштөн токтотулган, кыскартылган жана кылмыш иш козгоодон баш тартылган материалдарынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү, бул багытта алгачкы текшерүү органдарынын ишмердүүлүгү каралды.

Ошентип, 9 айдын жыйынтыгында:

  • жалпы 843 кылмыш иш козголгон;
  • тергөөнүн жыйынтыгында 269 иш соттук кароого жиберилсе;
  • 103 иш өндүрүштөн кыскартылган;
  • 122 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган;
  • 234 кылмыш иш бириктирилген;
  • карала элек 86 иш болгон.

Козголгон иштерден 31 кылмыш иш аялдар тарабынан жасалса, 28 иш аялдарга карата, ошондой эле 8 кылмыш иш балдар тарабынан жана 5 балага карата жасалган.

Козголгон кылмыш иштердин мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша бөлүп караганда, коркунучтуулугу аз 35 иш, анча оор эмес 758 иш, 50 оор кылмыштарды түзгөн.

Көрсөтүлгөн мезгилде тергөөчүлөр тарабынан 2 693 билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 843 кылмыш иш козголуп, 1 715 материал боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган, 65 материал бириктирилген, 55 материал номенклатуралык ишке чыгышталып, 15 материал өндүрүштө калган.

Ошондой эле 9 айда алдамчылык фактылары боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча Ленин районунун прокуратура тарабынан 645 жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилген.