Кытай компаниясы Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодо

Коом Загрузка... 27 Март 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кытайлык "Цюаньибао" маалыматтык технологиялар компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, кызматташуунун алкагында кытай тарап министрликке кайтарымсыз негизде 12 даана дрон берди. Бул жабдуулар айыл чарба иштеринде, анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоо, айыл чарба жерлерин мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргызстанда жасалма жол менен жаан-чачын чакыруу иш-чараларын жүзөгө ашырууда колдонулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтык багыттарын жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, дрондорду колдонуу боюнча адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын окуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, келечекте аталган компания тарабынан Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү завод куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.