Кытайда көпүрө жарым-жартылай урап түштү

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 17:44
WhatsApp Image 2025-11-12 at 17.02.33.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Кытайдын түштүк-батышындагы №317 улуттук автожолдун бир бөлүгүндө көпүрө жарым-жартылай урап түшкөн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган автожол Кытайдын борбордук аймактарын Тибет автономиялуу району менен байланыштырат.

Буга чейин 10-ноябрда Маркан шаарындагы Хунци көпүрөсүнүн оң жээгинде жер катмарынын жантайыңкы деформациясы байкалган. Бул структуралык туруксуздуктун алгачкы белгиси катары бааланып, коопсуздук максатында көпүрө толугу менен жабылган.

Бирок, күн мурун кырдаал курчуп, жер көчкү жүргөн. Натыйжада көпүрөгө алып баруучу жол жана анын айрым бөлүктөрү урап түшкөн.

“Бийлик өкүлдөрү кырсыктан эч ким жабыркабаганын билдиришкен. Учурда бардык унаа кыймылы альтернативдүү жолдорго багытталган. Жолду жана көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча мөөнөт азырынча аныктала элек”,-деп айтылат маалыматта.