Бишкек, 14.11.25 /Кабар/. Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясында ири алтын кени табылды. Бул тууралуу Кытайдын Жаратылыш ресурстары министрлигине таянып, Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Дадунгоу кенинде 2,586 миллиард тонна алтын рудалары аныкталган. Жалпы алтын запасы 1444,49 тоннаны түзөт, рудадагы орточо алтын курамы тоннасына 0,56 грамм.
Министрлик белгилегендей, бул ачылыш Кытайдын стратегиялык алтын корун бекемдөөгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги алтын өндүрүү базасын түзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле түндүк-чыгыш аймакты экономикалык жактан жандандырууга жана сапаттуу өнүгүүгө салым кошот.