Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү макулдашылды

Коом 24 ноябрь 2025 10:10
588427496_1154888926819852_964403596222657032_n.jpg
587010857_1154889853486426_4480129783208229706_n.jpg
586394136_1154888640153214_1844444410554687853_n.jpg
586473480_1154888676819877_2554273042502142518_n.jpg
586556902_1154888883486523_2606261581400805064_n.jpg
586732904_1154888796819865_56881709911003928_n.jpg
587020537_1154889790153099_1178761756023984477_n.jpg
587045457_1154889833486428_2643054435240778796_n.jpg
587694462_1154889906819754_6594349808881584954_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун жүрүшүн талкуулоо боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстандын транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытай тараптан атайын өкүлдөр катышты.

Иш-чарада тараптар долбоордун учурдагы абалын карап чыгышып, темир жолдун курулушу практикалык баскычка өткөнүн белгилешти.

Министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин, курулуш иштерин тездетүү үчүн Кыргызстан бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Учурда туннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, уюштуруучулук жана административдик иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашуусу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүү долбоор болуп саналат. Жүктөрдү ташуу аралыктарын кыскартып, транзиттик мүмкүнчүлүктү кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Мындан сырткары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат.