Кытай бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режимди узартты

Дүйнө Загрузка... 04 Ноябрь 2025 09:24
WhatsApp Image 2025-11-04 at 05.45.23.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Кытай 40тан ашык өлкөнүн жарандары үчүн бир тараптуу визасыз режимди 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Кытай 40тан ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурда бул визасыз режим 2025-жылдын соңуна чейин гана күчүндө болмок. Эми ал дагы бир жылга узартылып, Швеция да визасыз кире турган өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Швециянын жарандары 2025-жылдын 10-ноябрынан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин Кытайга визасыз бара алышат.

Визасыз режим Франция, Германия, Италия, Нидерланды, Испания, Швейцария, Ирландия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү. Бул режим туризм, иш сапарлары, туугандарына же досторуна баруу, ар түрдүү алмашуу иш-чараларына катышуу жана транзит максатында киргендерге мүмкүнчүлүк берет.

Кытайда визасыз жүрүүгө уруксат берилген мөөнөт — 30 күн.