Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2026-жылдын башынан бери камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча жарандарга жалпы 82 миллион сом төлөп берди. Бул калкка көрсөтүлгөн олуттуу социалдык колдоо болуп саналат. Төлөмдөрдүн аркасында көптөгөн жарандардын кырсыкка учураган мүлктөрүнүн чыгымдары жабылууда. Бул көрсөткүч өлкөдө камсыздандыруу механизми натыйжалуу иштеп жатканынан кабар берет.
Быйылкы жылдын 10-мартына карата турак жайларды камсыздандыруу боюнча 54 кенемте төлөндү. Жарандардын жана уюмдардын эсептерине жалпысынан 17 млн 137 миң сом которулду.
Бул багыттагы иштер аймактарда да активдүү өнүгүүдө. Төлөмдөрдүн көбөйүшү жарандардын мамлекеттик камсыздандыруу системасына болгон ишеними артып жатканын айгинелейт.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош филиалынын директору Марат Кудайбергеновдун маалыматына караганда, 2025-жылы облус боюнча турак жайын камсыздандыргандардын саны 40 пайызды (ал эми Ош шаарында 22 пайызды) түздү.
"Ош облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны өсүүдө. Биздин филиал 2025-жылы облус боюнча 111 жаранга турак жайы үчүн жалпы 14 млн 996 миң сом төлөп берди. Ал эми 2026-жылдын башынан бери 13 жаранга 1 млн 533 миң сомдон ашуун каражат тапшырылды. Ошондой эле былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу үйүн камсыздандырган жарандардын саны 1200гө көбөйдү. Бул — абдан жакшы көрсөткүч. Жарандар төлөмдөрдүн пайдасын көрүп жаткандыктан, мамлекеттик камсыздандырууга болгон ишеним артууда.
Андан сырткары, облуста камсыздандыруу маданияты жогорулап жатканы байкалат. Филиал бул жетишкендиктерди андан ары улантуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярчылар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле студенттер менен иштешип, "Ачык эшик" күндөрүн уюштурууну пландап жатабыз", — деди ал.

Ошондой эле директор белгилегендей, кенемте техникалык паспортко кирген объектилерге гана төлөнөт.
“Айрым жарандар короодогу сарай же очоккананы да камсыздандыруу мүмкүнбү деп сурашат. Мындай учурлар үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу түрү каралган”,-деп белгиледи Кудайбергенов.
Камсыздандыруу уюму көптөгөн жарандардын чыгымын жабууда чоң көмөк көрсөтүүдө.
Алай районунун Кабылан-Көл айылынын тургуну Эркинбек Абековдун айтуусу боюнча, жакында анын 2 кабаттуу үйүнөн өрт чыккан. Бирок, ал өз убагында турак жайын камсыздандырып койгондуктан, уюмдан алган кенемте менен үйүн калыбына келтирип жатат.

"29-январдан 30-январга караган түнү үйүбүздөн өрт чыгып, ӨКМ кызматкерлери келип өчүрүштү. Эки кабаттуу үйүбүздүн үстүңкү кабаты толугу менен күйүп, астыңкы кабаты да жабыркаган. Кийин камсыздандыруу уюмунун авариялык комиссарлары келип, текшерүү жүргүзүп, келтирилген зыянды баалап кетишти. Андан соң 15 күндүн ичинде 368 миң сомдук кенемте алдым. Учурда үйдүн чатырын жаап, оңдоп-түзөп жатабыз. Бул каражаттын бизге абдан чоң жардамы тийди", — деп ыраазычылыгын билдирди жабыркаган жаран.
Камсыздандыруу уюмунун Чүй филиалынын директору Абдуталип Султановдун айтымында, былтыр облуста 33 миңден ашуун турак жай камсыздандырылган (18,7%). Ал эми быйылкы жылдын башынан бери 5300 турак жай (2,5%) камсыздандырылды.
"2025-жылы өрт жана шамалдын кесепетинен келип чыккан кырсыктар боюнча 9 жаранга 1 млн 541 миң сом төлөнүп берилди. Быйыл бир учур катталып, ага 86 миң сом төлөндү. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге түшүндүрүү иштери уланууда. Биздин адистер айыл башчылары менен кошо үймө-үй кыдырып, эл чогулган жерлерде камсыздандыруу келишимдерин түзүп жатышат. Максатыбыз — көрсөткүчтөрдү 50-80 пайызга чейин жеткирүү", — деди А. Султанов.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев "Кабар" агенттигине белгилегендей, учурда өлкөнүн Турак жай фондунда 1 млн 251 миңден ашык турак жай катталган.
“2021–2022-жылдары бул көрсөткүч 10%дан бир аз гана жогору болсо, 2026-жылдын башына карата дээрлик 30%га жетти. Учурда өлкө боюнча 357 480 үй камсыздандырылды”,-деген ал.
Белгилей кетсек, 2025-жыл ичинде уюм өлкө боюнча 247 жаранга 31 млн 878 миң сом төлөп берген.
Камсыздандыруу суммасы айыл жерлеринде - 600 сом, ал эми шаарларда - 1200 сом. Кырсык катталган учурларда жарандарга айылдарда 500 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилсе, шаарларда бул 1 млн сомду түзөт.