Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына арналган расмий сайт ишке кирди

Коом 10 март 2026 12:30
Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына арналган расмий сайт ишке кирди

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргыз тарап Шанхай кызматташтык уюмунда Кыргызстандын төрагалыгына арналган расмий сайтты ишке киргизди.

ТИМден билдиришкендей, расмий сайт ШКУга мүчө мамлекеттерди, өнөктөштөрдү жана кеңири коомчулукту уюмдун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар, негизги окуялар жана демилгелер тууралуу ыкчам маалымат менен камсыздоого багытталган.

Сайт төрагалыктын ишмердүүлүгүн оперативдүү чагылдырууну, актуалдуу материалдарды жайгаштырууну, ошондой эле алдыда өтө турган жолугушуулардын анонсторун жарыялоону камсыздайт.

Сайкта шилтеме: https://egov.kg/ru/SCO/108