Кыргызстандын негизги унаа жолдорунун боюна Rest Point`тер курулат

Коом Загрузка... 01 Апрель 2026 16:10
WhatsApp_Image_KhoWMl7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте өлкөнүн негизги унаа жолдорунда заманбап Rest Point эс алуу зоналарын түзүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай объекттерди куруу демилгеси өткөн жылдын күзүндө башталган. Кеп алыскы каттамдардагы айдоочулардын жана туристтердин коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган толук кандуу комплекстер жөнүндө болуп жатат.

"Бул айдоочу токтоп, толук кандуу эс ала турган заманбап объекттер. Ар бир Rest Point пунктунда дааратканалар, дүкөндөр жана бардык зарыл шарттар каралган. Учурда бул тармакты кеңейтүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп белгиледи Чойбеков.

Белгилей кетсек, учурда бир нече ушундай эс алуу зоналары курулуп бүтүп, иштеп жатат. Алсак, Ысык-Көл облусунда заманбап Rest Point пункттары 2-4 тилкеде, анын ичинде Түп – Кеген трассасында келүүчүлөрдү кабыл алууда.

Министрликтин планында мындай тейлөө зоналарын Кыргызстандын бардык эл аралык трассаларында куруу каралган. Бул өлкөнүн жол инфратүзүмүн эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.