Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын курулуш тармагына быйыл 101 жыл болот. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, мындан 101 жыл мурда, 1925-жылдын 2-августунда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин президиумунун чечими менен өлкөдөгү алгачкы мамлекеттик курулуш органы — Кыргыз мамлекеттик курулуш конторасы түзүлгөн. Бул дата Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин тарыхынын башаты катары белгиленип келет.
Курулуш министрлигинен белгилешкендей, бир кылымдан ашуун убакыт ичинде тармак өнүгүүнүн ар кыл баскычтарын басып өтүп, бүгүнкү күндө өлкөнүн курулуш саясатын ишке ашыруучу негизги мамлекеттик органга айланды. 101 жылдык тарых — бул жоопкерчилик, үзгүлтүксүз өнүгүү жана мамлекет менен бирге курулган келечек. Ошондой эле миңдеген куруучулардын, архитекторлордун, инженерлердин жана тармактын адистеринин эмгеги менен жазылган тарых.
Учурда министрлик өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик курулуш саясатын ишке ашырып, сапаттуу, коопсуз жана заманбап курулуш тармагын өнүктүрүү багытында ишин улантууда.