Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Көмүр тармагындагы ишмердүүлүктү тартипке салуучу жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу журналисттерге "Сүлүктү шаарындагы жер астынан көмүр казып алуучу ишканалардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору Бакытбек Сапаркулов билдирди.
Анын айтымында, бул документ көмүр казуучу компаниялар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган.
"Мыйзам долбоорунда бардык актуалдуу маселелер, анын ичинде калк үчүн көмүрдүн баасын жөнгө салуу жагдайлары да камтылган", - деди Сапаркулов.
Ассоциация жетекчиси учурда ишканалар туш болуп жаткан негизги көйгөй катары көмүрдү экспортко чыгаруудагы тоскоолдуктарды жана татаалдыктарды атады.