Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 млн 413,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы калктын ичинен эркектер 3 млн 668,6 миңди, ал кезегинде аялдар — 3 млн 745 миңди түзөт. Калктын бөлүштүрүлүшү боюнча айыл жергесинде 4 млн 277,9 миң адам жашаса, шаар калкынын саны 3 млн 135,7 миң адамды түзөт.
Аймактар боюнча адамдардын саны төмөнкүдөй:
- Ош облусу — 1 млн 440,2 миң адам;
- Жалал-Абад облусу — 1 млн 381,8 миң адам;
- Бишкек шаары — 1 млн 136,7 миң адам;
- Чүй облусу — 984,6 миң адам;
- Баткен облусу — 606,3 миң адам;
- Ысык-Көл облусу — 554,7 миң адам;
- Ош шаары — 485,7 миң адам;
- Нарын облусу — 316,5 миң адам;
- Талас облусу — 283,1 миң адам.
Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-январына карата республиканын калкынын саны 7 млн 282 миң адамды түзгөн.