Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси каралды

Коом Загрузка... 12 Май 2026 18:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) Жеке секторду өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Ирен Фрай жана Дүйнөлүк банктын тобу менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда тараптар Кыргызстандын инвестициялык саясатынын учурдагы багыттарын, ошондой эле инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу, өлкөнүн чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Өлкөнү 2026–2030-жылдарга карата инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясы да каралды.

Ошондой эле инвестициялык потенциалды илгерилетүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин камтыган мындан аркы кызматташуунун маселелери талкууланды.

Тараптар улуттук агенттиктин кызматкерлери үчүн тренингдерди жана окутуу курстарын өткөрүү, ошондой эле инвестициялар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча макулдашууларды жүргүзүштү.