Кезек көйгөйү курчуду. Элчилик миграциялык кабыл алууну тездетүүнү сунуштады

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 09:55
AhNW8wA1ykxEEOvDFX1Z.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчилиги Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматына кабыл алууну жакшыртуу боюнча сунуш берди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, акыркы күндөрү социалдык тармактарда Россиядагы кыргызстандыктар РФ ИИМинин Миграция кызматына өлкөдө убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн онлайн жазылуу мүмкүн болбой жатканын билдиришкен.

Буга байланыштуу, 26-ноябрда Россия ИИМинин Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча кызматынын жетекчилери жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлдөрү онлайн форматта кезектеги жолугушуу өттү.

Жолугушууда элчилик Кыргызстандын жарандарына убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн кабыл алууну жакшыртуу маселесин көтөрүп, аймактык миграция бөлүмдөрүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу өтүнүчүн Россия тарапка кайрылды.