Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө таанылат

Коом 13 март 2026 09:05
651160977_920327040620426_7928864965052498529_n.jpg
650835333_920327343953729_7521692879887786916_n.jpg
650836723_920327273953736_1975898363824285548_n.jpg
650838781_920353850617745_8414030259615521247_n.jpg
650843855_920327443953719_7922015546180149943_n.jpg
651203266_920327017287095_6895966248250654690_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө таанылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул дегендик – Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн 70 өлкөсү ишенет дегенди билдирет.

Бул жаңылыктын өлкө үчүн кандай пайдасы бар?

Эми Ош, Баткен же Жалал-Абад облусунда текшерилген абанын, суунун жана топурактын жыйынтыктары эл аралык деңгээлде юридикалык күчкө ээ. Эл аралык соттордо биздин өлчөөлөрдүн тактыгына эч ким шек келтире албайт. Муну менен биздин жабдуулар, иштөө ыкмаларыбыз жана адистердин билими Европа же Япониядагыдай эле деңгээлде экени расмий тастыкталды.

Чек арага жакын жерлердеги экологиялык маселелерде же ири өнөр жай долбоорлорундагы талаштарда Кыргызстан өзүнүн ишенимдүү, көз карандысыз экспертизасын сунуштай алат.