Кыргызстандын байрагы биримдиктин белгиси: Мамлекеттик тууга 34 жыл

Коом Загрузка... 03 Март 2026 10:10
IMG-20250518-WA0023.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик туусунун бекитилгенине 34 жыл болду. Мамлекеттик туу — өлкө көз карандысыздыгынын, эгемендигинин, элдин биримдигинин жана бейпилдигинин ыйык белгиси. Туу Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары дүйнөдө татыктуу орду бар экенин тастыктап турат.

Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутушкан, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем беришкен. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлер кызыл туунун алдында ант беришкен. Бүгүн да туубуз бийик көтөрүлүп, кыргызстандыктар тарабынан баа жеткис баркы аздектелип келет.

Тарых беттерин барактасак, туу Жогорку Советтин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 20-декабрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ал президент Садыр Жапаров тарабынан 22-декабрда бекитилген. Кабыл алынган мыйзам менен мамлекеттик туудагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Туу мамлекеттик органдардын имараттарында, майрам жана расмий иш-чараларда, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелеринде илинет.

Эске салсак, 2024-жылы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкциядан өткөн. 31-августта көтөрүлгөн туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата 100 метр, ал эми эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.