Кыргызстандыктарды апта аягына чейин кандай аба ырайы күтөт?

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 12:00
676786259_3804554213021083_2708899525202853438_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкөдө 22-27-апрелде күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты. Ага ылайык, апта ортосу жаан-чачындуу болуп, 25-27-апрель күндөрү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, аба ырайы негизинен ачык болот.

Чүй жана Талас:

22-апрелде Чүй жана Талас облустарында айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз да айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолордо кар жаашы ыктымал.

23-апрелде эки облустун көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан катуу жаашы мүмкүн.

24-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 25-27-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда абанын температурасы 23…28 градуска чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен:

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 22-апрелде аба ырайы негизинен туруксуз болуп, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болбойт, бирок тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, ал эми бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын байкалбайт.

23-24-апрелдерде аба ырайы начарлап, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан катуу жаашы мүмкүн, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-апрелдин күндүзү өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолордо кар жаашы мүмкүн.

25–27-апрелдерде Жалал-Абад жана Ош облустарында жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт, ал эми Баткенде 25-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн. Облустарда абанын температурасы 24...29 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын:

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 22-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.

24-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан катуу жаашы ыктымал. Күндүз айрым жерлерде гана өткүн өтүп, күн күркүрөп, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 25-27-апрель күндөрү эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт.