Кыргызстандыктар Россиядан жогорку технологиялык дарылануудан өтө алышат

Ден соолук Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 08:55
20ba7d50-d02e-4953-af69-a845bcc48e6a.jpg
9d3a8ad2-f563-4539-bf44-43b168c136f0.jpg
180d8c08-4294-44ef-a5df-eb6a9e726f53.jpg
49430b0b-4ebe-4d56-ae1d-8f9a573902c5.jpg
a3b8f0a4-0a5b-45c5-8150-2244cb99aa60.jpg
af04060d-eeb0-44ed-9a5b-a9a6fa64ab25.jpg
e88205dc-343f-4978-89de-56ef02f4ffa1.jpg
e612232a-67d4-44ae-80bc-fe16065067c8.jpg
fa5134d7-a079-46da-9633-fee8f8619363.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын "ВТБ медицина" акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке министр Дамир Осмонов жана компаниянын башкы директору Сергей Нечаев кол коюшту.

Бул макулдашуу өлкөдөгү медициналык жардамдын сапатын көтөрүүгө жана санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган.

Анын алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен аралыктан дарылоо жана тажрыйба алмашууну жолго коюу, кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана дарыгер-ординаторлорду окутуу программаларын кеңейтүү, эки өлкө ортосунда бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо шарттарын жакшыртуу каралган.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Дамир Осмонов маанилүү демилгени көтөрдү. Ал учурда Түркия менен иштеп жаткан ийгиликтүү тажрыйба сыяктуу эле, Кыргызстандын жарандарын жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиянын алдыңкы клиникаларына жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Россия тарап, анын ичинде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов баштаган өкүлдөр бул сунуштарды кубаттап, демилгелерди мындан ары биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.