Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бишкекте дарыгерлер Ош шаарынан жөнөтүлгөн 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн операция жолу менен бөтөн затты (тыйынды) алып чыгышты.
Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, тыйын баланын кызыл өңгөчүндө болжол менен 5 айдан бери турган.
"Баланын оорусу болжол менен 5 ай мурун кусуу, тамактан баш тартуу жана кийинчерээк жөтөл менен башталган. Ош шаарында бир нече жолу дарыгерлерге кайрылып, дарыланганына карабастан абалы жакшырган эмес. Кийин рентгендик текшерүүдөн өтүп, өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталган. Буга байланыштуу бала адистештирилген жардам көрсөтүү үчүн Бишкекке жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Бишкектик дарыгерлер жалпы наркоз алдында операция жасап, баланын өңгөчүнөн номиналы 10 рубль болгон, карарып кеткен тыйынды алып чыгышты. Учурда баланын абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.