Кыргызстандыктар үчүн Япониянын эмгек рыногуна жаңы жол ачылууда

Коом Загрузка... 15 Апрель 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Токиодо эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык боюнча парламенттик вице-министри Масаюки Камия менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл "Токутэй гино" (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашырууга, ошондой эле Япониянын эмгек рыногунун актуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен кызматташуунун багыттарын кеңейтүү маселелерине бурулду.

Тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде жаңы багыттарды өздөштүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында диалогдун конструктивдүү мүнөзү белгиленип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдык тастыкталды.

Тиешелүү министрликтердин ортосунда меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.