Кыргызстандык студенттер Россия бажы академиясынын мыктылары деп табылды

Коом 13 февраль 2026 16:00
632969455_1364502362388926_948622859550868680_n.jpg
631753704_1364502359055593_6171538565666964247_n.jpg
632688776_1364502465722249_7813095877587250718_n.jpg
633722381_1364502365722259_3321330764674890617_n.jpg
Алдыга
Артка
632969455_1364502362388926_948622859550868680_n.jpg
631753704_1364502359055593_6171538565666964247_n.jpg
632688776_1364502465722249_7813095877587250718_n.jpg
633722381_1364502365722259_3321330764674890617_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык студенттер Россия бажы академиясынын эң мыкты чет өлкөлүк студенттери деп табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, академиянын форумунда кыргызстандык студенттер "Эң мыкты чет өлкөлүк студент" номинациясындагы алты байгелүү орундун бешөөнү ээлеп, ийгилик жаратышты.

Жеңүүчүлөр окуудагы жетишкендиктерин, илимий ишмердүүлүгүн жана академиянын коомдук жашоосуна активдүү катышуусун камтыган комплекстүү баалоонун негизинде аныкталды. Алар:

  • Кудайбергенов Дастан Максатбекович — юридикалык факультеттин 4-курсунун студенти (Люберцы ш.);
  • Султанов Исхак Уланович — юридикалык факультеттин 3-курсунун студенти (Люберцы ш.);
  • Максатбеков Атай Айбекович — экономикалык факультеттин 3-курсунун студенти (Люберцы ш.);
  • Рахмаджанов Азамат Куатович — юридикалык факультеттин 3-курсунун студенти (Санкт-Петербург ш.);
  • Рыскулов Бектур Асранкулович — бажы иши факультетинин 3-курсунун студенти (Ростов-на-Дону ш.).

Форумдун программасынын алкагында катышуучулар бажы ишинин негизги багыттары менен таанышып, кызматтык иштеги заманбап ыкмалар тууралуу кеңири маалымат алышты жана практикалык билимге ээ болушту.