Кыргызстандык курсанттар эл аралык мелдеште жогорку даярдыгын көрсөттү

Коом 22 апрель 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.38 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.38 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.37 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-22 at 12.02.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-21 at 17.16.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук аскер лицейинин (КУАЛ) курсанттары Өзбекстанда өткөн "Ватанпарварлар" эл аралык аскердик-спорттук мелдеште жогорку даярдыгын көрсөттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, алар командалык эсепте согуш талаасында жараат алган жоокерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү, аны коопсуз жерге алып чыгууда жана татаал тоскоолдуктар тилкесинен өтүү көнүгүүсү боюнча 2-орунду ээлешти.

Жекелик эсепте курсант Алихан Садиров өзгөчө эрдик жана ылдамдык көрсөтүп, тоскоолдуктар тилкесин 1 мүнөт 56 секундда багындырып, мелдештин абсолюттук рекорду менен 1-орунга татыктуу болду.

Мелдешке Азербайжан, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскердик окуу жайларынын тарбиялануучулары катышууда.

Эскерте кетсек, спорттук иш-чара 19-апрелде башталган, 25-апрелге чейин уланат.