Кыргызстандык 33 ишкер Германияда тажрыйба алмашып келди

Коом 3 март 2026 10:40
646123934_1332734132206275_869476798891764078_n.jpg
646897081_1332734135539608_4165425960644035681_n.jpg
645414136_1332734125539609_5594448554351953473_n.jpg
645467965_1332734138872941_6754958984413448497_n.jpg
646072269_1332734128872942_3038386609019061648_n.jpg
647059139_1332734122206276_3117468778895962090_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык 33 ишкер Германиянын алдыңкы компанияларында такшалма өтүп, европалык бизнес-өнөктөштөр менен баалуу тажрыйба алмашып келишти. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Германия менен бизнес-өнөктөштүк" программасынын алкагында 2025-жылы ири масштабдуу тандоо өнөктүгү жүргүзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан уюштурулган сынакка 69 талапкер катышып, анын ичинен 47 ишкер программага сунушталган.

Жыйынтыгында 33 ишкер Германияда үч жумалык такшалмада болуп, немис бизнесинин иштөө принциптерин жеринде өздөштүрүштү. Окуу сапарынын алкагында кыргызстандык менеджерлер 44 алдыңкы немис ишканасына барып, үч ири эл аралык көргөзмөгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындан тышкары, 83 B2B форматындагы жолугушуу өткөрүлүп, анын натыйжасында жалпы суммасы 380 миң еврону түзгөн эки келишимге кол коюлду.