Кыргызстанды Ата Мекенимдей эле көрөм. Кыргыз тилинде сабак өткөн корей мугалими менен маек

Маек Загрузка... 23 Сентябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кореялык 59 жаштагы Сон Донг Веон Кыргызстанда жашап, иштегенине 18 жылдын жүзү болду. Учурда ал И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн жетекчиси. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде студенттерге сабак өтүп, корей тили менен жакындан тааныштырууга убакытын арнап келет. Бул ирет биз окуу жайда Бакыт агай деп таанылып калган Сон Донг Веон менен маек курдук.

WhatsApp Image 2025-09-22 at 19.23.08 (2).jpeg

Сиздин Кыргызстанга келгениңизге канча убакыт болду?

Мен Кыргызстанга үй-бүлөм менен 2007-жылы келгем. Жубайым жана бир уул, бир кызым бар. Балачагымда башка чет өлкөгө барып иштеп, жашасам деп ойлочумун. Америкада карындашым жашайт эле. Кийин үй-бүлөм менен Америкага кетүүгө камынып калдым. Бирок мага кудай Америкага эмес, Борбор Азияга баргыла дегендей жол көрсөттү. Мурда Кыргызстан жөнүндө билчү эмеспиз, бирөөлөрдөн сураштырып анан келип калганбыз.

Атыңыз кантип Бакыт деп аталып калды эле?

Башка өлкөгө келгенде оңой эч нерсе жок да, тил билбейбиз, маданият, салт-санаа, адамдардын мүнөзү да башкача. Биринчи келгенде бир аз кыйналдым. Ыктыярчы болуп келгендиктен, жашаганда көйгөй болгон жок. Кыргыздарды жакындан билиш үчүн кыргыз тилин үйрөнүп баштоону чечтим. Анткени тил ичине маданият, салт-санаа, ой жүгүртүү баарын камтыйт. Кыргыз тилди үйрөткөн Чынар эже “бактылуу бол” деп менин атымды Бакыт деп койгон. Жубайымдыкын “асыл таштай бол” деп Асыл деп аташкан. Азыр мына 20 жылга жакын убакыттан бери Бакыт, Асыл деген ат менен жашап келе жатабыз (күлүп). Жаштарга жардам берип, университетте иштеш үчүн жубайым менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бакалавр бөлүмүнө тапшырып, эки жыл окудук. Кийин мага корей тилинен сабак берүү боюнча сунуш келди. Ошондо 2010-жылдан бери бул окуу жайдын Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатам. Окуу борборубуз да бар. Ал корей тили жана маданиятын кыргызстандыктарга таанытуу максатында ачылган. Жубайым дагы бул окуу жайда иштейт. Кызым менен уулум бул жакка келгенде 6-7-класс болчу. Кызым БААУну аяктады, балам Америкада окуу жайда окуду. Азыр алар 31 жана 33 жашта, Кореяда жашап, иштешет.

WhatsApp Image 2025-09-22 at 19.23.08.jpeg

Башка тилдерге караганда, кыргыз тилин үйрөнүүдө кандай айырмачылыктар бар экен?

Чет тилдерди үйрөнүүдө оңой нерсе жок. Өзүм кыргыз-корей сөздүгүн түзүп чыккам. Мен кыргыз тилин 40 жашымда үйрөндүм. Толук эмес болсо дагы, жарым-жартылай билем. Азыр кыргыздар менен сүйлөшкөндө эч көйгөй жок эле сүйлөшө алам. Бирок кыргыздар да сүйлөшкөндө орусча сөздөрдү кошуп сүйлөшөт. Ошол учурларда маанисин таба албай, ойлонуп туруп калам (күлүп). Кыргызстандын жарандары өлкө ичинде өз тилинде сүйлөөсү керек деп ойлойм. Эгер кыргыздар сүйлөбөсө ким сүйлөйт, силер сүйлөбөсөңөр ким сүйлөйт, тил жоголуп кетет деп мен студенттерге көп айтам.

Сиз кыргыз тилинде сабак өткөндө студенттерге жеңил болсо керек?

Ооба, корей тилин окуу үчүн айылдан мисалы, Талас, Нарын, Ысык-Көлдөн келген 1-курстун студенттеринин көбү орус тилин билбей эле келишет. Шаардыктардын анча-мынчасы орусча билишет. Бирок айта кетейин 1-курсту бүтүп, 2-курска өткөндө айырмасы чоң болот. Айылдан келгендер корей тилинде жакшы сүйлөп калат. Себеби, корей тили менен орус тилинин грамматикасы башкача, ошондуктан кыргыз тилдүүлөр корей тилин тезирээк үйрөнө алат.

WhatsApp Image 2025-09-22 at 19.23.07.jpeg

Студенттериңиздин арасында чет өлкөлөрдө иштеп жаткандары барбы?

Ооба, абдан көп. Кыргыз-корей келишими аркылуу жогорку окуу жайларда окуп калгандар бар. Алар окуусун бүтүп, ири компанияларда иштеп калат. Мен студенттерге 40 жашымда кыргыз тилин үйрөндүм, силер азыр жашсыңар 20 жаш айырма бар, тилди бат үйрөнөсүңөр деп айтам.

— Азыр 60 жашка чукулдап калсаңыз, качан өз өлкөмө кетем деп ойлонбойсузбу?

Мурда мен 65 жашка чыкканда пенсияга чыгып, Кореяда балдар менен жашасам деп ойлочумун. Азыр Кореяда пенсияга чыккандар Кыргызстанда жашоо үчүн көп келип жатат. Азыр бул жакта менин өз үйүм бар, мен дагы барып-келип эки жакта тең жашап, студенттерге жардам бергенге аракет кылып, тажрыйбам менен бөлүшөм деген максатым бар. Кыргызстанды Ата-Мекенимдей эле көрөм. Кыргызстан да өнүгүп, Made in Kyrgyzstan деген бренд дүйнөгө таанылыш керек. Буга жалпылап аракет кылганда гана жетсе болот. Жалгыз адамдын колунан келбейт. Биз Ноорузду майрамдап, Жаңы жылды тособуз. Тамак-аштардан бешбармак, шорпо жагат. Жаратылыш койнунда эс алганды жакшы көрөм. Азыр Кореядан көп туристтер келип баштады. Мен Алтын Арашанга баргам. Ал жерди Борбор Азиянын Швейцариясы десек болот. Сары-Челек, Кел-Сууга бара элекмин, аябай кооз дешет. Эмки жылы барып келем деген пландар бар.

WhatsApp Image 2025-09-22 at 19.23.08 (1).jpeg

Кыргыз элинин макалдарынан сизге жакканын айтсаңыз?

Капыстан сурап калдыңыз, азыр эске келбей жатат. Мен сүйлөгөндө макал менен сүйлөйм да корей тилинен кыргызчага которуп. Мен азыр аспирантураны жактаганга материалдарды чогултуп жатам. Кыргыз тилиндеги макалдарды корей тилиндеги макалдарга салыштырам. Ии баса эстедим, "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деп бекеринен айтылбаса керек. Мен Кореядагы туугандарыман алыс болсом да, бирок жакында турган кыргыз эли жакын болуп калды.

Эми учурдан пайдаланып, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап кетсеңиз болот

Кыргызстандыктарды Тил майрамы менен куттуктайм. Тил бир гана майрамдын убагында гана эмес, бир жылда 365 күн болсо, дайыма кыргыз тилинде сүйлөшүү зарыл. Кыргыз тилинин ичинде кыргыздардын терең маданияты, тарыхы бар. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!