"Кыргызстандарт" санарипке өттү: Сыноо протоколдору эми электрондук порталда

Коом Загрузка... 05 Март 2026 17:15
WhatsApp Image 2026-03-05 at 16.45.46.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. “Кыргызстандартта" сыноо протоколдору эми электрондук порталга жайгаштырылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кыргызстандарттын" Шайкештикти тастыктоо башкармалыгынын башчысы Аспира Калиева билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызстандарт" продукцияларды декларациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат жана өлкө аймактарында 10 бөлүмү бар. Мекеме техникалык регламенттердин талаптарына ылайык, продукцияларга шайкештик сертификаттарын берет.

Ошондой эле мындан ары декларация жана сертификат алуу процессинде сыноо протоколдору жаңы талапка ылайык электрондук форматта болушу керек. Бул эреже 1-февралдан тарта күчүнө кирди.

Бул максатта "Тулпар" санариптик платформасында protocols.trade.kg порталы ишке киргизилген. Аталган ресурс аркылуу аккредитациядан өткөн сыноо лабораториялары өз протоколдорун электрондук түрдө жайгаштырышат. Учурдагы тартипке ылайык, сертификациялоо органдары керектүү документтерди ошол порталдан алып пайдаланышат.

"Сертификат алуу үчүн керектүү бардык документтер толук жана так даяр болушу зарыл. Айрым учурларда сертификат берүү процесси узарып кетти деген сын-пикирлер айтылып келет, бирок буга көбүнчө документтердин толук эместиги себеп болууда. Лабораторияларда продукцияларды сыноо белгиленген график боюнча жүргүзүлөт жана бул процесс орто эсеп менен 5-10 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Ошондуктан ишкерлерге документтерди алдын ала даярдап, бул убакытты эске алуу сунушталат", — деди ал.