Кыргызстанда жеке менчик мектептерге лицензия берүү жеңилдетилди

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.38.46.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда жеке менчик мектептерге лицензия берүү жол-жобосу жеңилдетилди. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Агартуу министрлиги министрлер кабинетинин “Башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” жана “Өкмөттүк акселераторлор жөнүндө” буйругун аткаруу алкагында жеке менчик мектептерди лицензиялоо тартибин жеңилдетти.

“Жаңы тартипке ылайык, лицензиялоо толугу менен электрондук форматка өтүп, арыздарды кароо 30 күндөн 20 күнгө кыскарды. Жеке менчик мектептер үчүн лицензия алуу процесси толугу менен автоматташтырылды. Эми жеке менчик мектеп ачууга ниеттенген жарандар https://license.edu.gov.kg порталы аркылуу кирип, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыра алышат, лицензиялоо онлайн форматта жүргүзүлөт.
Мектептин уставын министрлик менен макулдашуу талабы, лицензияга чейинки комиссия жана лицензиялык кеңеш жоюлду. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинен санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутунду эми 30 күндө эмес, 3–7 күндө бериле турган болду”,-деди ал.

Махметкулов кошумчалагандай, лицензиялык талаптарга туура келген бардык зарыл документтер бар болгон учурда лицензия алуу жөнөкөй жана тезирээк болот. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылууга болот.

“Ал жерден адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт. Мурда жеке менчик мектептер төмөндөгүдөй көйгөйлөргө кабылып келишкен:

  • Лицензия алуу 4 айдан ашык созулуп кетчү;
  • Имаратты кайра профилдөө жана корутундуларды алуу татаал болгон;
  • Санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча уруксаттар 30 күнгө чейин берилген;
  • Кагаз документтер көп болгондуктан бюрократия жана документ кайтаруулар көп кездешкен;
  • Лицензиялык комиссия жана лицензиялык кеңеш чечимди узак кабыл алган;
  • Кагаз жүзүндө лицензиянын бланкасын даярдоо менен байланышкан техникалык жумуштар көп болгон”,-деди ал.