Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү

Коом 29 июль 2026 17:10
759390973_892704603436056_4548491879225688189_n.jpg
758067174_1339276615024089_7701205052420515134_n.jpg
758481034_1019021304339047_2882057902418506413_n.jpg
760033679_1512703353517071_3625798934205895125_n.jpg
758964616_1268121651952620_2419013924857485126_n.jpg
759017137_1345589477178346_5025010370126693400_n.jpg
758252863_1057983693871243_6648929564161143984_n.jpg
Алдыга
Артка
759390973_892704603436056_4548491879225688189_n.jpg
758067174_1339276615024089_7701205052420515134_n.jpg
758481034_1019021304339047_2882057902418506413_n.jpg
760033679_1512703353517071_3625798934205895125_n.jpg
758964616_1268121651952620_2419013924857485126_n.jpg
759017137_1345589477178346_5025010370126693400_n.jpg
758252863_1057983693871243_6648929564161143984_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча пландын долбоорун талкуулоого арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун тегерек столу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программанын артыкчылыктуу багыттары катары аймактарда иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана ички эмгек рыногуна кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү белгиленген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, бул документ калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын негизги инструменттеринин бири болуп калат.

Анын айтымында, жакырчылыкты кыскартуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбестен, жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө негизделиши керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга аз.

Тегерек столдо айтылган катышуучулардын сунуштары өлкөдө 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программанын долбоорун толуктап иштеп чыгууда эске алынарын министрликтен кошумчалашты.