Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда 137 миң 980 төрөт катталган, бул мурунку жылга салыштырмалуу болжол менен 2 миңге аз. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө төрөттүн азаюу тенденциясы байкалууда. Эгерде буга чейин төрөттүн саны жылына 150 миңдин тегерегинде болсо, учурда бул көрсөткүч 20-30 миңге кыскарган.
Ибраева белгилегендей, төмөндөө бир катар факторлорго байланыштуу. Тактап айтканда, жаштардын көз карашы өзгөрүүдө – көбү балалуу болгонго чейин алгач бутуна туруп, туруктуулукту камсыз кылууга умтулушат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкөнүн түштүк аймактарында төрөттүн деңгээли олуттуу деле төмөндөгөн эмес, ал эми түндүк облустарда төрөттүн саны кыйла азайган.