Кыргызстанда сел коркунучу бар бийик тоолуу көлдөр изилденди

Коом 29 июль 2026 14:55
759127286_1065918392572930_3508805833170494212_n.jpg
758964239_1621376979426796_486224329522756228_n.jpg
758488779_1739235124025666_3289027790823010601_n.jpg
758831160_2092000654728048_6363543859585119000_n.jpg
759835100_2043968039535181_2686734719662916786_n.jpg
756043616_1320527133211470_1660719572535792326_n.jpg
760444718_1395848625743811_8773259264672199103_n.jpg
758707004_1759878372104576_5277801041080420229_n.jpg
756227220_3311827062323493_6923802773196104493_n.jpg
758543358_1014207357918033_3868905589469473709_n.jpg
760523112_1325714276277075_8946160312934164150_n.jpg
756857800_967643212957574_3749086349879778482_n.jpg
759034201_846380618411072_4969432178185047577_n.jpg
759320450_1036664799344760_5184372920370020134_n.jpg
759146497_878547494974919_6979527443965099737_n.jpg
759199821_1576298890568861_8934386301199847324_n.jpg
758274249_27704358995890952_2487864827046276114_n.jpg
759101976_1008235838502052_1721508050257821352_n.jpg
758854893_27865621709738264_930920252380177806_n.jpg
759078034_1346356054350859_5447253527758208463_n.jpg
759127314_2948949898775456_968513036053081781_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Кыргыз кырка тоосунун түндүк капталындагы бийик тоолуу көлдөрдүн сел коркунучун баалоо максатында абадан изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абадан жүргүзүлгөн байкоого ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев , министрликтин табигый кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзгөн адистери жана Борбор Азия университетинин окумуштуулары катышты.

Изилдөө иштеринин жүрүшүндө сел коркунучу жогору болгон бир катар бийик тоолуу көлдөр текшерилди. Алардын арасында Кейди-Кучкач, Чоң-Төр, Адыгине, Ак-Сай, Салык, Кулбото, Челек-Төр, Чирканак, Ат-Жайлоо-Шамшы, Көл-Төр, Туюк-Жар, Коморчөк-Түштүк, Көл-Үкөк, Зындан жана Шамшынын жогорку бөлүгүндө пайда болгон жаңы көл бар.

Байкоо учурунда адистер бийик тоолуу көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн жана мореналык тосмолордун абалына баа беришти. Ошондой эле суунун топтолуу көлөмү, дарыялардын нугунун жана суу топтоочу бассейндердин абалы изилденип, фото жана видео материалдар жасалган.

Мындан тышкары, өзгөчө көзөмөлдү талап кылган аймактар аныкталды. Министр климаттын өзгөрүшү бийик тоолуу көлдөрдүн жана мөңгүлөрдүн абалына барган сайын көбүрөөк таасир берип жатканын белгиледи.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кооптуу жаратылыш процесстеринин абалын тактоого, сел коркунучун баалоого жана өз убагында алдын алуу чараларын көрүүгө пайдаланылат.