Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Өлкөнүн сарымсак өстүрүү тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу максатында үч тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, келишимге сарымсак өстүрүү тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган жумушчу жолугушууда кол коюлду.
Маалымдалгандай, келишим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Россиянын сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзу жана “Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү” кластери ортосунда түзүлгөн.
Белгилей кетсек, үч тараптуу жолугушууда сарымсак өстүрүүнү өнүктүрүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү, сапаттуу үрөндүк материалдарды колдонуу, кайра иштетүүнү, сактоо жана логистиканы жакшыртуу, ошондой эле продукцияны ички жана тышкы рынокко чыгаруу маселелери талкууланган.
“Келишим заманбап технологияларды жана тажрыйбаларды алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, фермерлерди окутууну, консультациялык колдоо көрсөтүүнү, кооперацияны өнүктүрүүнү жана сарымсак өстүрүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт”,- деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, “Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү” кластеринин, Россиянын сарымсак өстүрүүчүлөрүнүн улуттук союзунун, “Фермерский Чеснок” компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин адистери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышкан.