Психологиялык жардам көрсөтүү тармагын мыйзам менен жөнгө салуу сунушталды

Ден соолук Загрузка... 22 Июнь 2026 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда психологиялык жардам көрсөтүү практикада кеңири колдонулганы менен бул тармакты толук кандуу жөнгө салган өзүнчө мыйзам азырынча жок. Бул тууралуу “Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

Жыйында юрист Нурлан Алымбаев жүргүзгөн укуктук талдоонун жыйынтыктары сунушталды. Анын айтымында, бүгүнкү күндө психологиялык жардам балдарга, үй-бүлөлөргө, зомбулуктан жабыркаган жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин баштан кечирген жарандарга, мигранттарга, ошондой эле оор турмуштук абалга туш болгон адамдарга көрсөтүлүп келет. Бирок бул багыттагы укуктук жөнгө салуу ар кандай мыйзамдарга чачыранды түрдө киргизилген.

Талдоонун алкагында 2024-жылы Конституцияны, алты мыйзамды жана тогуз мыйзам алдындагы ченемдик актыларды камтыган жалпы 16 укуктук документ изилденген. Анын жыйынтыгында терминологиянын бирдей эместиги, психологиялык жардам көрсөтүү механизмдеринин так жазылбагандыгы жана бул тармакты комплекстүү жөнгө салган бирдиктүү мыйзамдын жоктугу аныкталган.

Эксперт белгилегендей, Конституция жарандардын ден соолугун коргоо, социалдык кызматтарды алуу жана укуктарын камсыз кылуу боюнча жалпы укуктук негизди түзөт. Бирок кимдер психологиялык жардам көрсөтө алары, жардам алуучулардын укуктары кандай болору, купуялуулук кантип камсыздалары жана шашылыш психологиялык жардам кандай тартипте көрсөтүлөрү сыяктуу маселелер мыйзам деңгээлинде так жөнгө салынган эмес.

Талкууда психологиялык жардам көп учурда медициналык жана психиатриялык жардам менен аралашып кетери белгиленди. Мисалы, жарандардын ден соолугун коргоо тууралуу мыйзамдарда психиатриялык жардам боюнча түшүнүктөр бар болгону менен, психологиялык жардамдын өз алдынча аныктамасы берилген эмес. Адистердин пикиринде, психологиялык жардам адамга, үй-бүлөгө жана коомдук топторго көрсөтүлүүчү өз алдынча жардам чөйрөсү катары каралышы керек.

Ошондой эле балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Балдар жөнүндө кодексте зомбулукка кабылган балдарга психологиялык жардам көрсөтүү каралганы менен аны ишке ашыруу тартиби, кызматтын сапаты, купуялуулук жана адистердин жоопкерчилиги боюнча так жоболор жок экени белгиленди.

Адистердин айтымында, өзүнчө мыйзам психологиялык жардам жаатындагы бирдиктүү түшүнүктөрдү киргизип, жардам алуучулардын укуктарын, психологдун статусун, ыктыярдуулук жана маалымдалган макулдук принциптерин, купуялуулук кепилдиктерин, балдарга жана аялуу топторго жардам көрсөтүүнүн тартибин, шашылыш жана аралыктан көрсөтүлүүчү психологиялык жардамдын механизмдерин аныкташы керек.

Жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы да каралды. Атап айтканда, Беларусь, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан психологиялык жардам тууралуу атайын мыйзамдарды кабыл алган. Ал эми Казакстан менен Россия бул багыттагы мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууда.

Талкуунун катышуучулары өзүнчө мыйзамды кабыл алуу психологиялык жардам көрсөтүү системасын бирдиктүү тартипке келтирип, адистердин статусун аныктоого, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.