Бишкек, 26.08.26 /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр инфратүзүмүн ырааттуу модернизациялоо иштери уланууда.
Аэропортту масштабдуу жаңылоонун алкагында Shenzhen CIMC-TianDa Airport Support LTD компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Apron Drive PBB моделиндеги жүргүнчүлөр үчүн төртүнчү телескоптук трап орнотулду.
Заманбап телескоптук трап жүргүнчүлөргө түздөн-түз терминал аркылуу бортко отурууга жана аба кемесинен түшүүгө мүмкүндүк берип, аба ырайынын шарттарына карабастан кошумча ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат. Бул өзгөчө кыш мезгилинде, ошондой эле эл аралык каттамдарды тейлөөдө жана жүргүнчүлөр агымы көбөйгөн учурда өтө маанилүү.
Жаңы жабдууну орнотуу “Манас” эл аралык аэропортун комплекстүү модернизациялоо программасынын бир бөлүгү болуп саналып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана аэропорттун инфратүзүмүн азыркы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.