Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ички иштер министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, чектөөлөр мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.
Жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет:
- Бишкек шаары: "Манас" эл аралык аэропортунан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл баатыр жана Б. Алыкулов көчөлөрү.
- Чүй облусу: Айрым негизги унаа жолдорунун тилкелери.
- Ысык-Көл облусу: "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки тилке, ат майданынын аймагы жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдор.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү машыгууларына байланыштуу "Бишкек Арена" стадионунда жана ага жанаша жайгашкан аймактарда унаа кыймылына мезгил-мезгили менен чектөөлөр киргизилип, жолдор жабылууда.
"Ички иштер министрлиги шаар тургундары менен конокторун көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга жана күнүмдүк каттамдарын алдын ала мерчемдеп алууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 31-августтан 6 сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле 31-августтан 1-сентябрга чейин ШКУ саммити өтмөкчү.