Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы эки унаа жолунда кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу төмөнкү жолдор жабылды:
- Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 180–215,7-чакырым аралыгы (Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде);
- Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин 357–443-чакырым аралыгы (1-ноябрдан тартып).
“Министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордогу кырдаалды эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат”,–деп айтылат билдирүүдө.